13-июнга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Күндүз Ош, Жалал-Абад , Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 31…36;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 32…34° болот.
Дагы караңыз
Ыдырыс Исаков аны бетке чапкан адамга каршы милицияга арыз жаздыМинистр Орусиянын "кара тизмесинде" 44 миңдей кыргыз жараны бар экенин билдирди Ажылык: кыргызстандыктардын алгачкы тобу Мадинага учуп кеттиОшто уурулукка шек саналгандардын жакындары басма сөз жыйынын өткөрдү