Украинанын Олеска Довбуш атындагы 68-бригадасы Донецк облусундагы Благодатное конушун Орусиянын аскерлеринен бошотконун билдирип, аны ырастаган видеону Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Тасмада украин аскерлери аткылоодон тамтыгы чыккан имаратка Украинанын туусун илип жатканын көрүүгө болот. Орус аскерлери туткунга алынганы айтылып, бирок кенен маалымат берилген жок.
Украин армиясы бошоткон аймак Угледар шаарына жакын Донецк облусундагы Благодатное айылы экени кабарланды.
11-июнда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус күчтөрү жарым-жартылай оккупацияланган Луганск жана Донецк аймактарын толук көзөмөлгө алуу аракетин көрүп жатканын кабарлаган.
10-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский көптөн күткөн контрчабуул башталганын билдирип, бирок ал азыр кайсы этапта экендигин айткан эмес. (BTo)
Дагы караңыз
Суу каптоодон улам Херсон облусунан төрт миңдей адам эвакуация болдуКиев: Украинанын НАТОго кошулуу ниетин 20 мамлекет колдодуБишкектин тургуну "Чет өлкөлүк өкүл" мыйзамына каршы пикетке чыкты"Азаттыктын" кубогу: футбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды