Милиция Чүйдүн Луговое айылындагы калайман мушташ боюнча маалымат берди

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук милициясы Аламүдун районуна караштуу Луговое айылындагы калайман мушташ тууралуу маалымат берди. Аталган мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, айылдагы "Миг" деген дүкөндүн жанында белгисиз адамдар 29 жаштагы жаранды себепсиз сабашкан. Окуя 10-июнда саат 21:30дар чамасы болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, бейбаштыкка шектелип Ленин айылынын тургуну кармалды.

Жабыр тарткан адамдын абалы тууралуу маалымат берилген жок.

Мунун алдында Kaktus.media өз булактарына таянып Луговое айылында калайман мушташ болгонун жазган. Маалыматта көп сандаган милиция кызматкерлери мушташты токтотууга айылга барышканы айтылган.

Ушуга окшош эле окуя эки күн мурда Чүйдүн Васильевка айылында катталып, 16 жаштагы бала катуу сабалган. Милициянын кийлигишүүсү менен калайман мушташ токтотулган. (КЕ)

Дагы караңыз

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Киевге бардыЫктыярчылар: Днепрдин сол жээгинде жүздөгөн адамдар дайынсыз жоголдуФутбол: Кыргызстан Ооганстандын курамасын утту"Азаттыктын" кубогу: футбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды