“Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоору боюнча жеңилдетилген насыя 6,3 миңден ашуун дыйканга берилди. 9-июнга карата берилген насыянын жалпы суммасы 2,9 млрд. сомго жакындады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Насыя өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы категориялары боюнча берилген.
Министрликтин маалыматына караганда, насыянын теңинен көбүн (4634) мал чарбачылык категориясы боюнча алышкан.
Өкмөт былтыр жазында "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыя үчүн 10 миллиард сом бөлгөн.
Апрель айынын башында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев жеңилдетилген насыя дыйкандарга кеч берилип жатканын сынга алган.
Былтыр анын теңи гана берилгени белгилүү болгон жана буга байланыштуу Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлгөн. Анда насыялар кечиктирилип берилгени, банктарда кезек күткөндөр арбын болгону айтылган. Айрым депутаттар жеңилдетилген насыя алчу компаниялар арасында өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын компаниялары бар экенин билдирген.
Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылы башталган. (КЕ)
Дагы караңыз
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Киевге бардыЫктыярчылар: Днепрдин сол жээгинде жүздөгөн адамдар дайынсыз жоголду"Азаттыктын" кубогу: футбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталдыАба ырайы: көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт