"Дордой" базарындагы банктын имаратынан өрт чыкты

"Дордой" базарындагы банктардын биринен өрт чыкты. 10-июнь, 2023-жыл. ӨКМдин сүрөтү.

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы "Дордой" базарында жайгашкан "Кыргызстан" банкынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилиги (ӨКМ) кабарлады. Маалыматка караганда, тилсиз жоо тууралуу маалымат бүгүн, 10-июнда саат 9:55те түшүп, аны өчүрүүгө эки бөлүм тартылды. ӨКМ өрттүн себеби жана жабыркагандар тууралуу маалымат бере элек.


Мекеменин маалыматына ылайык, былтыр өрттөн өлкөдө 30 адамдын өмүрү кыйылган. Жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 3 миллиард сомдон ашкан. 31 адам куткарылып, 52 млрд. сомдук мүлк сакталып калган. (КЕ)

Дагы караңыз

Британиянын мурдагы премьери Борис Жонсон парламенттен кетти"Азаттык" үналгысынын 70 жылдыгына арналган кичи-футбол боюнча мелдеш өтүп жататПрезидент Жапаров жол курууга көмөктөшкөн ишкерлердин ысымын атадыОдессада дрон чабуулунан үч киши курман болду