Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын Сочи шаарында Евразия конгрессинин пленардык жыйынына катышты. Жыйында өкмөт башчысы азык-түлүк коопсуздугу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
“Азыркы шарттарда тамак-аш планетабыздагы жашоонун улануусу үчүн эң баалуу ресурс болуп саналат. Заманбап реалдуулук азык-түлүк коопсуздугу боюнча кырдаал курчуп баратканын көрсөтүүдө”.
Жапаров кызматташтыктын жана технологиялык көз карандысыздыкка жетишүүнүн мисалы боло турган бат ишке ашуучу долбоорлор керек экенин айтты.
Долбоорлорду каржылоо үчүн каражаттарды кеңейтүүнүн, өнөр жай, энергетика, жашыл экономика жана айыл чарба тармагында өздөрүнүн илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн илимий платформаларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕАЭБ) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Орусиянын Сочи шаарына 7-июнда учуп кеткен.
Сочиде 7-9-июнь күндөрү КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны, III Евразиялык Конгресстин отуруму, КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын II форуму жана "Евразия биздин үйүбүз" көргөзмөсү өттү.
Евразия экономикалык биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кыргызстан менен Армения уюмга 2015-жылы кошулган.(КЕ)
Дагы караңыз
Казакстанда кеминде 14 активист кармалганы кабарландыКумтөр иши: Сот Бакиевди мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга сыртынан кестиӨзбекстан постсоветтик аймакта калкынын саны жагынан экинчи орунга чыктыУкраина: Херсондо суунун деңгээли ылдыйлап баратканы кабарланды