Швеция НАТОго расмий мүчө боло электе эле өз аймагында аскердик альянстын аскерлерин жана базаларын жайгаштырууга уруксат берди. Бул тууралуу 9-июнда Швециянын өкмөт башчысы Ульф Кристерсон жана коргоо министри Пол Юнсон билдирди.
Швед бийлиги мындай кадамды «даярдык чаралары» деп сыпаттады. Dagens Nyheter басылмасында жарык көргөн макалада өкмөт мүчөлөрү белгилегендей, Швецияга НАТОнун аскерлерин жайгаштыруу өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүгүн арттырат жана «Орусияга так белги» болмокчу.
Алар жакынкы келечекте Орусия кошуна мамлекеттерге коркунуч туудурарын, анткени орус президенти Владимир Путиндин «аймактык дооматтарын» алдын ала айтуу кыйын экенин баса белгилешкен.
Орусия Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согуш баштагандан кийин Швеция менен Финляндия НАТОго кирүү ниетин билдирген. Быйыл апрелде Финляндия расмий түрдө Түндүк Атлантикалык альянстын 31-мүчөсү болду. Швеция азырынча аскердик альянска кошулууга талапкер макамында. Стокгольмдун НАТОго мүчөлүккө өтүү арызын Түркия менен Венгрия ратификациялай элек.
Өткөн аптада НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 11-12-июнда Вильнюста өтө турган Түндүк атлантикалык бирикменин саммитинде Швеция мүчөлүккө кабыл алынарын айткан. Мындай максат былтыр Мадридде өткөн саммитте белгиленген.
Дагы караңыз
Казакстанда кеминде 14 активист кармалганы кабарландыКумтөр иши: Сот Бакиевди мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга сыртынан кестиӨзбекстан постсоветтик аймакта калкынын саны жагынан экинчи орунга чыкты