Орусиянын кол салуусунан улам Украинанын калкынын саны кескин кыскарганына байланыштуу Өзбекстан элинин саны боюнча постсоветтик аймакта экинчи орунга чыкты. Бул тууралуу BNE Intellinews басылмасы жазды.
2000-жылдардын башында Украинанын калкы 45 миллионго жетсе, согуштан улам 29 миллионго чейин кыскарган. 145 миллион калкы бар Орусиядан кийинки эле тепкичте Украина турчу.
Июнь айындагы расмий статистикага ылайык, Өзбекстандын калкы 36 миллиондон ашты. Коңшу өлкө постсоветтик аймакта эли жаш жана динамикалык ыргакта өнүгүп бараткан өлкө деп белгиленген. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебине караганда, сегиз миллиондой украиналык согуштун айынан өлкөсүнөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Дагы караңыз
Жоокердин жараат алышына шектүү кызматкер үй камагына чыкты Орусиянын армиясы Украинага аба соккуларын улантуудаТрампка жашыруун документтерге байланыштуу жаңы айып тагылды