10-июндун аба ырайы

Сары-Челек.

"Кыргызгидромет" борбору билдиргендей, 10-июнда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36;

Талас жергесинде түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 5…10, күндүз 10…15.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Кечке маал өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын түнкү температурасы 21…23°, күндүзгү температурасы 33…35° болот. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусиянын армиясы Украинага аба соккуларын улантуудаТрампка жашыруун документтерге байланыштуу жаңы айып тагылдыБейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга автор болгон айрым депутаттар сунушунан баш тартуудаБишкек шаардык соту Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтүн узартты