Министр маданият тармагындагы имараттардын 80-90% кейиштүү абалда экенин айтты

Алтынбек Максутов.

Кыргызстанда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу мекемелердин 80-90% авариялык абалда. Бул тууралуу бүгүн 9-июнда министр Алтынбек Максүтов Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын отурумунда маалымат берип жатып билдирди.

Министрдин айтымында, алардын баары капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж:

“Министрлик Мамкурулуш мекемеси менен биргеликте республика боюнча мониторинг жасап чыктык. Анда 80-90% абдан кийиштүү абалга келгени аныкталды”.

Максүтов быйылкы жылы 30дай мекемени оңдоп-түзөө планы макулдашылганын, приоритеттүү деп Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин, Мукаш Абдраев атындагы Республикалык музыкалык атайын мектептин, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жана башка жайлардын имараттары сунушталып жатканын айтты.

Жетекчинин айтымында, Кыргызстанда бул министрликке караштуу 2139 имарат бар. (RK)

Дагы караңыз

Мадумаровду жоопко тартуу маселесин караган комиссия материалдар менен таанышуудаСадыр Жапаров сомду Кыргызстанда басып чыгаруу башталарын билдирди Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга автор болгон айрым депутаттар сунушунан баш тартуудаБелгород губернатору түнкү аткылоодо үч адам жараат алганын айтты