Эвакуация учурунда Херсонду аткылоодо кеминде бир киши каза тапты

Cуу каптаган аймактардан элди эвакуациялоо.

Бейшемби күнү Херсонду аткылоодо кеминде бир адам каза таап, экөө жарадар болду. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы билдирип, ал үчүн орус аскерлерин айыптады. Мекеменин билдирүүсүндө айтылгандай, суу каптаган жерлерден эвакуация жүрүп жатканда алар атайылап сокку урду.

Днепрдин оң жээгиндеги бир нече айыл да аткылоого кабылып, төрт киши жарадар экени кабарланды.

Херсондун борбордук бөлүгүн жана Днепрдин жээгине чабуу жасалганын буга чейин облустук администрациянын башчысы Александр Прокудин билдирген. Украин маалымат каражаттары жана телеграм каналдары Херсондон тартылган видеолорун жарыялашты.

Херсон облусунун Орусия тарабынан дайындалган башчысы Володимир Салдонун айтымында, Голая Пристань шаарынан жайкын тургундарын эвакуациялоо пункту аткыланганда эки адам окко учуп, экөө жарадар болгон. Ал кол салуу үчүн Украинаны айыптады. Киев буга комментарий бере элек.

Ушул эле күну Херсонго украин президенти Владимир Зеленский барып, оперативдүү кырдаал, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери менен таанышкан.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путиндин Херсон облусунун Орусия көзөмөлдөгөн аймагына баруу планы жок экенин билдирди.

6-июнга караган түнү Кахов ГЭСинин дамбасы жардырылган. Ал үчүн Киев менен Москва бири-бирин күнөөлөп жатат.

Украин бийлиги дамбанын бузулушун иликтөө өтүнүчү менен Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна кайрылды.

Орусия ачкан согушта Украинаны колдогон Батыштын көптөгөн лидерлери ГЭСтин кыйраганына Москваны күнөөлөштү.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен БУУнун Киевдеги координатору Денис Браун Орусия коопсуздукка кепилдик берген шартта Улуттар Уюму Днепрдин сол жээгиндеги оккупацияланган аймактарда гуманитардык жардам көрсөтүү жана адамдарды эвакуациялоо үчүн топторду түзүүнү макулдашты. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Орусия тарап комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Украина: орус аскерлери кеминде 93 туткунду өлтүргөн “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамынын чоо-жайыЕАЭБге үгүт: Москва мигранттар аркылуу Дүйшөмбүгө кысым көрсөтүп жатабы?Жохар Дудаев жана баскынчыл рашизм