Кыргызстанда 1-июндан 1-сентябрга чейин жүк ташыган машиналарга күн ысыкта жолго чыгуусуна чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
"Чектөөгө ылайык, саат 10:00дөн саат 20:00гө чейин, абанын күндүзгү температурасы 28 градустан жогору болгондо көлөмү 18 тоннадан ашкан жүк ташыган машиналарга жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүшүнө убактылуу тыюу салынат. Урматтуу айдоочулар, салынган жолдордун талкаланышына жол бербейли",-деп жазылган маалыматта.
Буга чейин күн ысыган маалда асфальт ээрип, жүк ташыган оор машиналар жолду бузуп жатканы тууралуу нааразылыктар айтылып келген.
Дагы караңыз
Жогорку Кеңеш шейх Нахаяндын атын №354 мөңгүгө берүүнү жактырды ЖК "Курултай тууралуу" мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды Мэрия: Бишкектеги суу таңкыстыгын жоюу үчүн 500 миллион сом керек