Жогорку Кеңеш 8-июндагы жыйынында “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, кабыл алды. Документти 30-майда тармактык комитет экинчи окууда жактырган.
Буга чейин мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун башчысы, "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев анда 22 берене 15ке чейин кыскарганын билдирген. Ошондой эле делегаттардын саны 700гө чейин азайган. Андан сырткары делегаттар шайлангандан тартып курултай аяктары менен ыйгарым укуктары токтотулары жазылган.
Жогорку Кеңеш 10-майда “Элдик курултай жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кайрадан биринчи окууда карап, концепциясын кабыл алган.
Жогорку Кеңеш 15-мартта курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, талаш-тартыштардан улам документ күн тартибинен алынган. Анда курултайдын, делегаттардын ыйгарым укуктары узарганы, парламенттин, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин ишине чейин аралашып-кийлигишүүсүнө жол ачкан беренелер бар экени айтылган.
Документтин авторлору долбоордун концепциясын кабыл алуу зарылдыгын айтып, айрым беренелерди өзгөртүүгө макул болгон.
Бул мыйзам долбоору былтыр жазында дагы талаш-талкуудан улам кабыл алынбай калган. Элдик курултай институту 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга киргизилген. Ага ылайык, былтыр сентябрга чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек эле.
Мыйзам кабыл алынбай калгандыктан, президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен Элдик курултай топтогон. Былтыр 25-26-ноябрь күндөрү өткөн курултайга, бардык аймактардан, четтеги мигранттар арасынан тандалган миңден ашуун делегат катышкан.
Дагы караңыз
Чолпонбек Абыкеевдин төңкөрүш жөнүндөгү сөзү кайра талкуу жаратты Мэрия: Бишкектеги суу таңкыстыгын жоюу үчүн 500 миллион сом керек Беларус: бийликти басып алуу кутумуна айыпталган Сапегага ырайым берилди Бишкекте тез татым жайларынын биринде тамактан 10 адам ууланды