Кой-Таштагы аскердик бөлүктө ок жеген жоокердин жакындары ал зомбулукка кабылганын айтып жатышат. Апасы Майрамбүбү Абдразакова бүгүн 8-июнда “Азаттыкка” кайрылып, уулу операция болгонун, ок өпкөсүнө жана кабыргасына тийгенин, мындан тышкары ал сабалганы да белгилүү болгонун айтып берди.
Абдразакова териштирүү жүрүп жатканын, баарын тийиштүү мекемелердин өкүлдөрүнө айтып бергенин билдирип, уулу жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулганын, ал өзүн өзү атып алган деген версия каралып жатканын айтты:
“Денеси бүт көк ала. Сабалыптыр. Жаагынан бери көк ала. Автоматты тазалап жатканда ичинде ок бар экен. Тигилер сабаптыр. Кирип барып, ачуусу менен автоматты тазалайын деп жатканда атылып кетиптир. Эмне үчүн анын ичинде ок болушу керек? Баланы эмнеге сабашат? Эки далысы, жаагынан бери шишите сабалган”.
Окуя 6-июнда болгон. Коргоо министрлиги Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 бөлүктүн аскер кызматкери куралга этиятсыз мамиле кылып, октон жаракат алганын билдирген. Мекеменин басма сөз кызматы жаракат алган аскерге борбордогу клиникалардын биринде операция жасалганын, абалы канааттандырарлык экенин кабарлаган.
Жараат алган аскер Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургун экени кабарланды.
Аскердик кызматын өтөп жатып жараат алган, каза болгон жоокерлер боюнча түрдүү окуялар буга чейин да катталып келген.
2022-жылы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө каза болгон төрт жоокердин окуясы суицид деп катталганын башкы прокурор Курманкул Зулушев кабарлаган.
“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун эсебинде, 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан.
Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен. (DSh)
Дагы караңыз
Мэрия: Бишкектеги суу таңкыстыгын жоюу үчүн 500 миллион сом керек Курсан Асановдун сот иши: үч айыптын экөө боюнча актоо өкүмү чыктыБишкектеги суу көйгөйү: ЖК комитети 150 млн. сом бөлүп берүүнү колдоду Астана форумунда Садыр Жапаров сууну пайдалануу маселесин көтөрдү