Казакстандын Коргоо министрлиги казино ойногону үчүн 11 кызматкерди иштен алды.
Ондогон адамга сөгүш жарыялап, аскердик чини төмөндөтүлдү. Былтыр журналисттер Алматы прокуратурасына шилтеме жасап, 305 мамлекеттик кызматкер казинодо 506 миллион теңге (1 млн. доллардан ашуун) сарпташканын жазышкан.
Алардын арасында Ички иштер, Коргоо, Каржы министрликтеринин өкүлдөрү да болгон.
"11и кызматтан бошотулду. Калган аскер кызматкерлерине катуу сөгүш берилип, айып пул салынды, аскердик чиндери төмөндөтүлдү", - деген министрлик Protenge Телеграм-каналына берген жообунда.
Казакстанда мамлекеттик кызматкердин этикалык кодексине ылайык, аткаминерлерге оюн-зоок мекемелерине кирүүгө тыюу салынат.
Кыргызстанда казино ачканга уруксат берген талаштуу мыйзам быйыл кабыл алынып, президент кол койгон. Кумарканаларга кыргыз жарандарына кирүүгө уруксат берилбейт.
Дагы караңыз
Орусия "диверсиялык топ" аммиак куурун жардырганын билдирди, Киев маалымат бере элек Казакстанда оппозициячыл саясатчы пара алууга шек саналып кармалдыМуфтият "Салык чек" лотереясы шарыятка туура келерин билдирди