"Эсимде" Караколдо репрессия курмандыктарын эскерет

Кыргызстандын XX кылымдагы жана XXI кылымдын башындагы көмүскөдө калган тарыхына арналган «Эсимде» долбоору Каракол шаарына сапарга аттанып жатат. Долбоордун 7-июнда жарыяланган маалыматына караганда, сапар алкагында сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, документалдык тасма көрсөтүлөт жана башка бир катар эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт.

Сүрөтчүлөр бирлигинин Караколдогу галереясында 13-27-июнь күндөрү «Эс тутум өткөөлдөрү» деген аталыштагы көчмө көргөзмө менен катар семинар жана фото мастер-класс өтөт. Анын катышуучулары Умида Ахмедова, Болот Исабеков, Павел Большаков адамдардын, буюмдардын, жерлердин жана окуялардын элесин сактап калууга арналган фото эмгектердин сериясын тартуулашат.

13-июнда «Дем» китепканасында «Чалбасы кыргыздары. Эсимде» даректүү тасмасы көрсөтүлөт. Ушул эле тасма башкы каарманы Ыйманбек атанын үй-бүлөсү жашаган Тоң районунун Көл-Төр айылынын клубунда да тартууланат.

Ошондой эле уран казып иштеп жүрүп соттолгон, алгачкы жалданма жумушчуларды эскерүү максатында Кажы-Сайдагы №5 шахтанын имаратына мемориалдык такта орнотулат.

«Эс тутум өткөөлдөрү» көргөзмөсү буга чейин Бишкектеги Г. Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде жана Оштогу Т. Садыков атындагы көркөм өнөр музейинде көрсөтүлгөн.

«Чалбасы кыргыздары. Эсимде» тасмасында өткөн кылымдын 30-жылдарында репрессияга кабылып, Украинага сүргүнгө айдалган кыргыздардын тагдыры баяндалат.

Тарыхчы Элмира Ногойбаеванын тарыхтагы жана элдин эсиндеги көмүскө окуяларды, фактыларды, процесстерди изилдөө жана аңдап түшүнүү боюнча талкуу аянтчасы катары таанылган «Эсимде» долбоору «Азаттык» радиосу менен 2019-жылы бою кызматташкан. Анын жыйынтыгында окурмандарга катаал жылдардын курмандыгы болгон адамдар тууралуу макалаларды, фактыларды билүүгө мүмкүнчүлүк ачылган.

Айрым окумуштуулар ырастагандай, сталиндик репрессияга 40 миңден ашуун кыргызстандык туш келген, экинчи бир маалыматта бул сан 20 миңдин тегерегинде экени айтылат.

"Эсимде" Үркүн окуясынын көмүскө фактыларын ачыкка чыгаруу аракетин да көрүп келе жатат. (RK)

Дагы караңыз

Иран Сауд Арабияда элчилигин кайрадан ачтыКатар эмиринин Бишкек сапарынын алкагында 13 документке кол коюлду Кахов дамбасындагы жарылуудан улам он миңдеген адам эвакуацияландыОблустук телекомпаниялардын маяна көйгөйү парламентте көтөрүлдү