Кахов дамбасындагы жарылуудан улам он миңдеген адам эвакуацияланды

Херсон облусунун суу каптаган аймактарынан чыгып бараткан тургундар. 6-июнь, 2023-жыл. Украина.

Украинанын расмийлери Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруудан улам он миңдеген адам коопсуз аймактарга көчүрүлгөнүн кабарлады. Днепр дарыясындагы дамбанын жардырылышына Киев менен Москва бири-бирин айыптап жатат.

Херсон облусунун губернатору Александр Прокудин 7-июндун таңында билдиргендей, дарыянын төмөн жагында суунун деңгээли дагы көтөрүлөрү күтүлүүдө.

"Биздин божомолубузда, жакынкы 20 сааттын ичинде суунун деңгээли дагы бир метрге көтөрүлөт",-деди Прокудин видеокайрылууда.

Ал Днепрдын оң тарабындагы Украина көзөмөлдөгөн аймактарда эки миңдей турак-жай суу алдында калганын кошумчалады.

Херсон облусунун Москва көзөмөлдөгөн бөлүгүндө орус бийлиги 7-июнда өзгөчө кырдаал абалын жарыялады. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды.

Былтыртан бери орусиялык күчтөрдүн карамагында болгон Кахов ГЭСинде жардыруу 6-июнга караган түнү болгон.

Украин президенти Владимир Зеленский соңку кайрылуусунда, "орус баскынчыларынын атайылап ГЭСти жардыруусун" экологиялык бомбага салыштырды.

Орусия жарылууга эч тиешеси жок экенин билдирип, күнөөнү Киевге оодарууда. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украина орус аскерлеринин чабуулун алдын алуу үчүн ушундай кадамга барганын айтууда.

Кахов дамбасынын бийиктиги 30 метрди, узундугу 3,2 чакырымды түзөт. Ал Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралын суу менен камсыздачу.

Дагы караңыз

Новокаховдо зоопарктагы жүздөгөн жаныбарлар сууга чөгүп кеттиОблустук телекомпаниялардын маяна көйгөйү парламентте көтөрүлдүКочкордо бүтүрүүчүлөргө Уланбек Эгизбаев атындагы стипендия тапшырылды