“Ош-Баткен-Исфана” жолун куруудагы жемкорлук тууралуу кабарланды

Иллюстрациялык сүрөт.

“Ош-Баткен-Исфана” автожолунун курулушунда мамлекетке дээрлик эки жүз миллион сомдой каржылык зыян келтирилгенин 7-июнда Башкы прокуратура билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, сөз 2017-2021-жылдар аралыгында бөлүнгөн акча жөнүндө болууда.

Транспорт жана коммуникация министрлиги, Башкы прокуратура билдиргендей, жолдун 75-108-чакырымдарын куруудагы 189 миллион сомдук жумуш аткарылбаганына карабастан аны кабыл алып, пайдаланууга берип койгон.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”, “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу” жана “Кызматтык жасалмачылык” деген беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет.

Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (RK)

Дагы караңыз

Новокаховдо зоопарктагы жүздөгөн жаныбарлар сууга чөгүп кеттиОблустук телекомпаниялардын маяна көйгөйү парламентте көтөрүлдүКочкордо бүтүрүүчүлөргө Уланбек Эгизбаев атындагы стипендия тапшырылдыШойгу Украинада 70тей орусиялык аскер мерт кеткенин билдирди