Коргоо министрлиги Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 бөлүгүнүн аскер кызматкери куралга этиятсыз мамиле кылып, октон жаракат алганын билдирди. Окуя 6-июнда болгон.
Мекеменин басма сөз кызматы жаракат алган аскерге борбордогу клиникалардын биринде операция жасалганын, ушул тапта абалы канааттандырарлык экенин кабарлады.
Кыргызстандын армиясында буга чейин да аскерлер өзүнө ок атып алган окуялар болгон. Тиешелүү мекеме муну адатта этиятсыздык катары түшүндүрөт.
Жараат алгандардын айрымдары каза тапкан учурлар бар. Алардын жакындары муну армиядагы “чоңсунуу” жана зордук-зомбулукка байланыштырышкан. (BTo)
Дагы караңыз
Катардын эмири мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келдиАКШда чыккынчылыкка айыпталган мурдагы агент Роберт Ханссен түрмөдө көз жумдуЫсык-Атада эки милиция кызматкери шектүүнү качырган деп айыпталуудаОрусияда "Мистер Сидр" ичимдигине ууланып каза болгондор 25ке жетти Парламенттин регламентин өзгөртүү боюнча долбоор коомдук талкууга чыктыКремль Кахов ГЭСиндеги жардырууга тиешеси жоктугун билдирдиКаракол: аэропорттун курулушунда мерт болгондорго жардам берилет