Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу ата мекендик өндүрүштөгү үндүн ылдамдыгынан да тез жүргөн баллистикалык ракетаны эл алдына чыгарганын мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Анын бет ачарына президент Ибрахим Раиси да катышканы маалым болду.
Fattah аталыштагы ракетаны атып түшүрүүгө "абадан коргонуу системаларынын биринин да алы келбейт"деп билдирди Ирандын Аскердик космос күчтөр башкармалыгы.
Анткен менен эч кандай далилдер келтирилген жок. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аскердик космос күчтөрүнүн командачысы Амирали Хажизаде билдиргендей, ракета саатына 15,5 миң чакырым ылдамдыкта уча алат.
Батыштын аскердик эксперттери Иран кээде маалыматты күчөтүп жарыялай турганын белгилешет.
Дагы караңыз
Каракол: аэропорттун курулушунда мерт болгондорго жардам берилет Орусия Крымга суу берген Кахов дамбасын талкаладыБлогер Жекшеналиевдин иши боюнча сот жараяны 13-июнга жылды