Жалал-Абад облустук телерадиоканалынын жамааты эки айдан бер маянасын ала албай жатканын социалдык түйүндөр аркылуу билдирип, жазып жатышат. “Азаттык” 6-июнда аталган телерадиоканалдын башкы директору Союзбек Абдурасуловго кайрылганда ал төмөнкүлөрдү билдирди:
«Эки айдан бери айлык алган жокпуз. Мурда облустук каналдар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине баш иет эле, кийин Улуттук телерадио корпорациясына (УТРК) өткөн. Ошондуктан каржы маселесин тактап жатышкандыктан маяна токтоп турат. Чечилип калат деп турабыз».
Жалал-Абад облустук телеканалында 30дай кызматкер эмгектенет. Алар апрелден бери айлыгын ала электигин айтып жатышат.
Ушундай эле абал бардык облустук телерадиокомпанияларда түзүлүп жатканы белгилүү болду.
“Азаттык” буга байланыштуу маалымат алуу үчүн УТРКга кайрылганда корпорациянын жооптуу кызматкерлери облустук бардык алты телеканалдын бюджети аларга 31-майда гана өткөнүн, июндун ондорунда каржылоо башталып, апрель, май жана июнь айларынын маянасы чогуу төлөнүп берилерин билдиришти. (TB)
Дагы караңыз
Киев орус армиясы Кахов ГЭСинин дамбасына сокку урганын билдирди "Азаттык" иши: Депутат Түлөбаев сөз эркиндигин муунтуу жакшылыкка алып келбесин айттыБишкек–Ош жолундагы кырсыктан алты өмүр кыйылдыПрезидентке сыйлык-наамды кайтарып алуу укугун берүү сунушу колдоо тапты