Түндүк атлантикалык аскердик альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Швециянын, Түркиянын жана Финляндиянын расмий өкүлдөрү 12-июнда жолугуп, Швециянын НАТОго мүчөлүк арызын карай турганын ырастады.
Анкара Стокгольмду террористтик уюмдарга жана коопсуздукка жасалган коркунучтарга, анын ичинде жикчил күрт кошуундарына, 2016-жылкы төңкөрүш аракетине катышкан адамдарга жумшак мамиле жасайт деп сындайт. Буга чейин Венгрия дагы Швециянын НАТОго киришине макулдук берүүнү себебин билдирбестен созуп койгон.
Бейшембиде Швеция терроризмге каршы күрөш жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алды. Столтенберг белгилегендей, Стокгольм Анкаранын кооптонуусуна жооп иретинде өзүнө алган милдеттемелерин аткарды.
НАТОнун жетекчиси 11-12-июнда Вильнюста өтө турган Түндүк атлантикалык бирикменин саммитинде Швециянын мүчөлүккө кабыл алууга убакыт бардыгын белгиледи. Мындай максат былтыр Мадридде өткөн саммитте белгиленген.
НАТОго кирген бардык 31 мүчө мамлекет аскердик бирикмеге кошулууга арыз берген өлкөгө макулдугун бериши шарт.
Дагы караңыз
Харьковго авиасокку урулду, он чакты адам жарадарРавшан Жээнбековдун камоолор менен коштолгон саясий сапарыКыргыз-тажик чек арасы: Bellingcat жабыркаган үйлөрдүн картасын түздү Бишкек-Брюссел: Экономика, энергетика жана сөз эркиндиги