3-июнда үч европалык жаран Тегеран менен Брюсселдин ортосундагы туткун айырбаштоонун аркасы менен Ирандагы түрмөдөн чыгып, мекенине кайтып келгени маалым болду. Австрия менен Ирандын жарандыгы бар эки эркек жана даниялык жаран өткөн аптада ирандык дипломат Асадулла Асадиге айырбашталды.
Тегеран тыңчылыкка айыпталып, 40 жылга соттолгон бельгиялык гуманитардык кызматкер Оливье Вандекастилди өткөн аптада бошоткон.
Омандын ортомчулугу менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүнүн аркасы менен Бельгиядан абактан чыккан Асади 27-майда Тегеранга кайтып барган.
2021-жылы Бельгиянын соту ирандык дипломат Асадини "теракт уюштурууга даярдык көргөн" деген айып менен 20 жылга кескен. Ага 2018-жылы Францияда Ирандын оппозициясынын активисттеринин жолугушуусунда "жардыруу уюштурууга аракет кылган" деген айып тагылган.
Дагы караңыз
Бишкек-Брюссел: Экономика, энергетика жана сөз эркиндигиРавшан Жээнбековдун камоолор менен коштолгон саясий сапарыЧек ара: өзгөргөн позициялар, тынч жашоону күткөн эл "Балдарды дарылап, билим беребиз". Инклюзивдик борбордогу бир күн