Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун эки өкүлү кармалганын, алардын бири чет өлкөнүн жараны экенин билдирди.
Маалыматка ылайык, христиандык диний уюмдардын биринин өкүлдөрү мурда диний чөйрөдөгү мыйзамдарды бузганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган. Алар Кыргызстанда иштөө үчүн уруксат албай эле чет өлкөлүк миссионерлерди тартуу менен диний ырым-жырымдарды өткөрүшкөн. Айып салынгандан кийин чет элдик жаранга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө уруксат берилген эмес.
Шектүүлөр маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн УКМКнын кызматкерине кайрылып, 1000 доллар пара сунуштаган. 29-майда бул сумманын 500 долларын берип жаткан жеринен кармалган. Чет элдик жаран атайын кызматтын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Пара берүү” беренеси менен иликтенип жатат. УКМК Кыргызстанда иш алып барган чет өлкөлүк диний өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин мыйзамдарды сактоого чакырды. (BTo)
Дагы караңыз
Шарль Мишел Борбор Азияны тооруган санкциялар тууралуу маалымат бердиНиязалиеванын штабынан кармалган эки киши үй камагына чыктыИИМ: Чүйдө ымыркайын сатууга аракет кылган аял кармалдыТажикстанда соттолгон кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу маселеси көтөрүлдүМай айында Орусиядан төрт мигранттын сөөгү алынып келдиИндияда поезд кырсыгынан каза болгондор 300гө жакындадыКонституциялык сот депутаттарга иш козгоо тартибине түшүндүрмө берди