Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Кыргызстан. Иллюстрация сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 4-июнда бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34,

Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 31…36,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25,

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 16…18°, күндүзгү температурасы 32…34° болот.

Дагы караңыз

Ниязалиеванын штабынан кармалган эки киши үй камагына чыктыСадыр Жапаров: Кыргызстан демократияны тандаган өлкөИИМ: Чүйдө ымыркайын сатууга аракет кылган аял кармалдыТажикстанда соттолгон кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу маселеси көтөрүлдүМай айында Орусиядан төрт мигранттын сөөгү алынып келдиИндияда поезд кырсыгынан каза болгондор 300гө жакындадыШарль Мишелдин Кыргызстанга болгон расмий сапары башталдыКонституциялык сот депутаттарга иш козгоо тартибине түшүндүрмө берди