Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 2-июнда Тажикстандын башкы прокурорунун орун басары Дилшод Талбакзода менен жолугушту.
Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Мекемеден кабарлашкандай, жолугушууда Тажикстанда жүргөн кыргыз жарандарынын укуктарынын корголушу жана бул өлкөдө соттолуп, жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жарандарын Кыргызстандын абактарына которуу маселеси көтөрүлдү.
ТИМ Тажикстанда канча кыргыз жараны абакта жатканын тактаган жок. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2022-жылы Тажикстанда ондон ашык кыргызстандык соттолуп, жазасын өтөп жатканын маалымдаган. (BTo)
Дагы караңыз
Шарль Мишелдин Кыргызстанга болгон расмий сапары башталдыКонституциялык сот депутаттарга иш козгоо тартибине түшүндүрмө бердиИндияда поезд кырсыгынан каза болгондор 300гө жакындадыКүрөш: Айпери Медет кызы Бишкектеги мелдеште алтын медал тагындыШарль Мишель: Евробиримдик үчүн сөз эркиндиги маанилүү