Индиянын чыгышындагы Одиша штатында жүргүнчү жана жүк ташыган поезддер кагышып, кеминде 288 адам мерт кетип, дагы 900дөй киши жаракат алды. Жума күнү болгон кырсыктан каза болгондор дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Индиянын өкмөтү бул темир жол кырсыгын өлкөнүн акыркы он жылдагы эң кандуу окуясы деп атады. Одишанын Баласор районунда кырсык болгон жерге 200дөн ашык “Тез жардам” чакырылып, 100 кошумча дарыгер тартылган.
Маалыматка караганда, Калькутта шаарынан Ченнайга жүргүнчүлөрдү алып бараткан поезд жүк ташыган поезд менен кагылышып, 10-12 вагону рельстен чыгып кетип, кулаган. Аны эл ташыган дагы бир поезд сүзүп, үч-төрт вагон темир жолдон чыгып кеткен.
Одиша штатында 3-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланды. (BTo)
Дагы караңыз
Конституциялык сот депутаттарга иш козгоо тартибине түшүндүрмө бердиКүрөш: Айпери Медет кызы Бишкектеги мелдеште алтын медал тагындыШарль Мишель: Евробиримдик үчүн сөз эркиндиги маанилүүКосоводо жергиликтүү сербдер демонстрацияга чыгыштыИИМ: Чүйдө ымыркайын сатууга аракет кылган аял кармалды