Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел Кыргызстанга келди

Шарль Мишель.

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел бүгүн, 2-июнда Борбор Азия лидерлери менен Чолпон-Ата шаарында жолугат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-июнда Мишелдин Кыргызстанга расмий сапары болот.

Чолпон-Ата шаарындагы “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитине катышуу үчүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов Кыргызстанга келди.

2-июнда Чолпон-Ата шаарында “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммити өтөт. Ага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов катышат.

"Борбор Азия — Европа Биримдиги" саммити экинчи жолу өтүп жатат. Биринчиси былтыр, 27-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн.

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин Борбор Азия лидерлери менен Чолпон-Ата шаарындагы кездешүүсүн утурлай беш укук коргоочу уюм аймактагы адам укуктарынын абалын да талкуулоого чакырышты.

Европадагы 27 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.

Мишелдин сапары Орусиянын Украинага каршы согушунун геосаясий кесепеттеринин фонунда шаркеттин Борбор Азияга болгон кызыгуусу артып жаткан учурга туура келүүдө. (TSh)

Дагы караңыз

“Биз Киргизия эмеспиз” кеңейтмеси эл аралык сынакта жеңди