Депутаттарды "кара тизмеге" киргизүү сунушу суу кечеби?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттары жана коммерциялык эмес уюмдар тууралуу талаштуу мыйзам долбоорлорунун демилгечилерин АКШ жана Европа өлкөлөрүнө киргизбей, аларга санкция салуу сунушу айтылды. Мындай өтүнүч менен Бейөкмөт уюмдардын коалициясы Евробиримдик жана АКШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кайрылды. Азырынча дипломатиялык өкүлчүлүктөр эч кандай комментарий бере элек.