ФСБ орусиялык дипломаттардын телефондоруна хакердик чабуул болгонун билдирди

Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) орусиялык дипломаттардын миңдеген телефону хакердик чабуулга туш болгонун билдирди.

Маалыматка караганда, Орусиянын НАТОго мүчө өлкөлөрдөгү, Израил, Сирия жана Кытайдагы дипломатиялык миссияларында иштеген кызматкерлердин айфондоруна вирус таратылган. Атайын кызмат буга чейин белгисиз программа iOS операциялык системасындагы коддордун талылуу жерлерин пайдаланган деп эсептейт.

ФСБ чабуул үчүн АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигин айыптады. Мындай окуя iPhone телефондорун Apple компаниясынын америкалык атайын кызматтар менен кызматташуусунан улам ишке ашкан болушу мүмкүн деп эсептейт.

Рейтерс Apple жана АКШнын атайын кызматы комментарий берүү тууралуу өтүнүчүнө жооп бере электигин кабарлады.

Apple алардын жабдыктары маалыматты жашыруун сактоого жөндөмдүү деп айтып келет. Бирок маал-маалы менен хакердик чабуулдар тууралуу маалыматтар чыгып жүрөт.

Дагы караңыз

Мунай ташуучулар июнда бензин 3 сомго чейин кымбаттай турганын жарыялады Казак парламенти Орусиядан мыйзамсыз ташылган буудай маселесин көтөрдү Депутатка иш козгоого макулдук маселеси талкуу жаратты