Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстанга алып келинген “AH26Б” учагы бажы операцияларынан өткөрүлбөгөнүн аныктаганын билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Учак Беларус мамлекетине Бириккен Араб Эмиратынан алып келинип, 2022-жылы Кыргызстанга жеткирилгени текшерүү учурунда аныкталган. Маалыматка караганда борт “B.S.” авиакомпаниясына таандык.
Тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 8 млн. 461 миң сомду түздү. Учурда материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.
2022-жылы Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы Евразия экономикалык биримдигинин бажы мыйзамдарын бузуу менен Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке эки тик учак алып келингенин билдирген. (TSh)
Дагы караңыз
Парламентте блогерлер жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталды