Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды

Алтынбек Жумаев

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.

Малайзияда 2019-жылдан бери элчи болуп келаткан Азимбек Бекназаров 2022-жылдын августунда Кумтөр кенине байланыштуу интервью берген соң бул кызматтан бошотулган. Аталган орун ошондон бери бош турган.

Алтынбек Жумаевдин кесиби юрист жана журналист. 1998-2000-жылдары Улуттук телерадио корпорациясында иштеген. 2005-2006-жылдары өкмөттүн аппаратында эксперт болгон. 2010-жылы “7-каналды” ("Канал D") негиздеп, соңку убакка чейин аны өзү жетектеп келген.

2015-жылы “Республика-Ата Журт” партиясынан Жогорку Кеңешке шайлоого катышкан. 2019-жылы КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү болгон. 2021-жылы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун үгүт кампаниясын жетектеген.

Жумаев 2021-жылдын ноябрь-декабрь айларында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болуп, ошол жылдын аягында президент Садыр Жапаровдун администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалган.

2022-жылдын августунда бул кызматтан бошотулуп, президенттин кеңешчиси кызматына которулган. Ал бул кызматта 2022-жылдын декабрына чейин иштеди. (ErN)

Дагы караңыз

Адахан Мадумаровдун иши боюнча депутаттык комиссия түзүлдү Мадумаров прокуратуранын жоопко тартуу аракетин саясий иш деп бааладыЕБ Молдовадагы туруксуздукка айыпталгандарга санкция салдыОкумуштуулар жасалма интеллект адамзаттын жоголушуна алып келерин эскертиштиКемпир-Абад иши: Айыпталып жаткандардын адвокаттары кайрылуу жасашты Парламентте блогерлер жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталды