Румынияда миңдеген мугалимдер нааразылык акциясына чыкты

Румынияда өкмөт үйүнүн алдына чыккан мугалимдер. 30-май, 2023-жыл. Бухарест.

Румыниянын баш калаасы Бухарестте 30-майда түмөндөгөн мугалимдер өкмөт алдында жүрүшкө чыгышты. Алар айлык акыны көтөрүүнү, билим берүү тармагына салынган инвестицияны көбөйтүүнү жана тармакты толук реформалоону талап кылышты.

Профсоюздардын эсебинде, жүрүшкө 15 миңден 20 миңге чейин мугалим катышып жатат. Алар президент Клаус Ионнаис менен жолугуу үчүн Котрочень сарайына (президенттин резиденциясы) барууну көздөшүүдө.

Румынияда мугалимдер 22-майда иш ташташкан. Андан бери өкмөт менен бир нече жолку сүйлөшүүдө бийлик сунуштаган шарттарды кыймыл лидерлери кабыл алышкан жок.

Саламаттык сактоо тармагынын жумушчулары жана темир жолчулар да жакында иш таштай турганын билдиришти.

Дагы караңыз

Жаза аткаруу кызматы Аспековдун бошотулганы боюнча түшүндүрмө берди Орунтаев “Батуми” тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тарттыПрезидент Жапаров Кумтөрдү алууга Аскар Акаев жардам бергенин айтты