Москвадагы «Митино» метро станциясынын жанынан 30-майга караган түнү 150дөн ашык тажик мигранты кармалды. «Озоди» радиосуна жиберген видеодо мигранттар полиция аларды түн ортосунда ойготуп, автобустар менен Митинск районунун ички иштер бөлүмүнө алып барганын айтышкан. Себебин түшүндүрүшкөн эмес. Мигранттардын айтымында, алар «Митино» метросунун жанындагы курулушта иштеп, ошол эле жерде чатырларда жашап жатышкан.
Орусия тараптан расмий комментарий боло элек. Тажикстандын Москвадагы элчилиги окуядан кабардар экенин, ага көз салып жатканын билдирди.
Соңку жумаларда Орусиянын ар кайсы аймактарында тажик мигранттары кармалган учурлар көп каттала баштады. 28-майда Москванын Можайск районундагы мектептин стадионунда ондогон тажик мигранттары кармалган. Буга жергиликтүү тургундардын даттануусу себеп болгону расмий маалымдалган.
Бир апта мурда Москва облусунун Котельники шаарында жергиликтүү жашоочулар аймак «тажик анклавына» айланып баратканын, мигранттар коомдук тартипти бузуп жатканын айтып видеокайрылуу жасашкан. Көп өтпөй аймакта полиция рейд өткөрүп, 100дөн ашуун мигрантты кармап, жергиликтүү мечитти жапкан.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өткөн жумада Орусиянын Дүйшөмбүдөгү элчиси Семен Григорьевди чакырып, тажик мигранттарынын жапырт камалышын талкуулаган. Тажик тарап Москвага кайрылып, окуяларды териштирүүгө чакырган.
Дагы караңыз
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад", "Карабагыш", "Кара-Суу" бекеттери ачылат Москвада ондогон тажик мигранттары кармалдыПарламент комитети прокуратурадан тергөө укугун алууну колдоду