Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад", "Карабагыш", "Кара-Суу" бекеттери ачылат

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" өткөрмө бекетинин оңдолуп жаткан учуру. Сузак, Жалал-Абад. 2022-жылдын ноябры.

Жалал-Абад облусундагы "Бек-Абад", Ош облусундагы "Карабагыш", "Кара-Суу" өткөрмө бекеттерин ачууга даярдык көрүлүп жатканын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

“Учурда өзбек тарап өткөрмө пункттарды ачуу үчүн даярдоо иштерин жүргүзүп жатат”, - деп жазылган мекеме тараткан маалыматта.

Эки өлкөнүн чек арасында 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып жакшыра баштаганда бекеттер кайра ачыла баштаган.

Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылган. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жанданткан.

2021-жылы 1-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкө менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы "Кайтпас" жана "Өтүкчү" бекеттери да ачылган. (TSh)

Дагы караңыз

Парламент комитети прокуратурадан тергөө укугун алууну колдодуБишкекте таза суунун тарифи кымбаттайт Москвада ондогон тажик мигранттары кармалдыДамира Ниязалиева милицияга суракка чакырылганын билдирдиИндияда жол кырсыгынан 10 чакты зыяратчы көз жумду