Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет 30-майдагы жыйынында прокуратурадан тергөө укугун алган мыйзам долбоорун колдоду.
Депутат Гуля Кожокулова бул демилгеге каршы чыкты.
“Конституцияда прокуратура тергөө жүргүзө турганы так жазылган. Мен системаны кантип талкалап салабыз түшүнбөй жатам. Аскер прокуратурасында калтырып, борбордук аппараттан кантип алып саласыңар? Бири-бирине карма-каршы келип жатпайбы. Жетекчилик кызматка келип кетишет. Бир адам үчүн системаны талкалап салган туура эмес”, - деди депутат.
Жыйында баяндама жасаган юстиция министри Аяз Баетов мыйзам долбоорун бардык күч органдарынан түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыкканын, бул тармак реформа болуп жатканын айтты.
“Башка мамлекеттердин тарыхын, тажрыйбасын карасак, тергөө прокуратуранын негизи милдети болуп саналбайт. Алар жарандарга басым жасагандарды көзөмөлдөйт. Реформа жүрүп жатат, талкуулап, кабыл алабыз”, - деди ал.
Президенттик администрациянын Башкы прокуратурадан тергөө укугун алуу сунушу камтылган мыйзам долбоору 20-апрелде коомдук талкууга коюлуп, кызуу талаш-тартыш жараткан.
Демилгечилер долбоор "прокуратура органдарында тергөөдө коррупциялык көрүнүштөрдү жана кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу, укук коргоо органдарындагы тең салмактуулукту камсыздоо максатын көздөйт" деп түшүндүргөн.
2019-жылы сот-укук реформасынын алкагында Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси жаңыланган. Анын алкагында Башкы прокуратурадан тергөө жүргүзүү функциясы алынган.
2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик ал кодекстерге өзгөртүү киргизип, 2021-жылы Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы кайра түзүлгөн.
Ушу тапта прокуратурадан тышкары Ички иштер министрлигинде, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте тергөө жүргүзүү укугу бар. 2022-жылы Башкы прокуратура 3530, УКМК 4 миң, ИИМ 95 миң ишти иликтеп-тергеген. (TSh)
Дагы караңыз
Жаза аткаруу кызматы Аспековдун бошотулганы боюнча түшүндүрмө берди