Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү диний жайга зыяратчыларды алып бараткан автобус коктуда көпүрөдөн кулап, кеминде он киши мерт кетти. Жабыркагандардын саны 55ке жетти. Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдирди.
Зыяратчылар өлкө түндүгүндөгү Амритсар шаарынан Катра калаасына баратышкан. Маалыматка караганда, автобуска кишилер нормадан көп түшкөн.
Катра шаарындагы ыйык Вайшно-Деви чиркөөсүнө жылына түмөндөгөн индустар зыяратка барышат.
Индия жол кырсыктарынан каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат.
Дагы караңыз
Президент кеңешчисинин төңкөрүш жөнүндөгү сөзү сынга кабылдыДепутат Нарматованын уулу экени айтылган бажы кызматкери үй камагына чыктыКиевде орус армиясынын дрон чабуулунан бир киши набыт болду