Мелис Аспеков абактан ырайым менен бошотулганы кабарланды

Мелис Аспеков.

“Опузалап талап кылуу” айыбы менен алты жылга соттолгон активист Мелис Аспеков абактан бошотулганы белгилүү болду. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Манукян "Азаттыкка" ырастады.

"Ал өзү эркиндикке чыкканын айтып чалды. Президенттин ырайымы менен чыккан экен", - деди ал.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы анын кандай шартта бошотулганы боюнча кийинчерээк маалымат берилерин билдирди.

24.kg сайты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына таянып, 23-майда соттолгондорго мунапыс берүү боюнча президенттин жарлыгы чыгып, Аспеков бошотулганын жазды.

2022-жылы 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча да алты жыл чегерип, жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялаган.

Ошол жылдын июль айында Бишкек шаардык сот өкүмдү өзгөрткөн. Анда райондук соттун өкүмүндөгү Аспековдун Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Алдамчылык” беренеси менен күнөөлүү деп таап, бирок жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чарасы берилген эмес.

Шаардык сот Аспековдун алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.

2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган. Буга байланыштуу ага Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Опузалап талап кылуу” деген 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Кийин ал ишке "15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу" деген айып боюнча ошол эле кодекстин “Алдамчылык” деген 204-беренесинин 3-бөлүгү кошулган.

Аспеков соттук жараяндарда күнөөсү далилденбегенин, "саясий негизде иш козголгонун" билдирген. Президент Садыр Жапаров анын айыптоосун четке каккан. (TSh)

Дагы караңыз

ТИМ депутаттын кыздарды сыртка чыгаруу боюнча талаштуу сунушуна талдоо жүргүзөрүн билдирди