Кыргызстанда вирустук гепатит жугузуп алгандар эки эсе көбөйдү

Бишкектеги лабораториялардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанда вирустук гепатит оорусун жугузуп алган 1 364 катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин жаңы баяндамасында жазылган.

Былтыр бул убакытта вируска кабылган 706 учур гана катталган. Иш жүзүндө быйылкы төрт айда 1,9 эсе көбөйгөн.

Жалпы вирустук гепатит оорусуна кабылган 1 364 адамдын 1 255и илдеттин А түрүн жугузуп алгандар. Былтыр төрт айда бул көрсөткүч 654 учурду гана түзгөн.

Гепатитке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Ош облусуна (34,3%), Баткен облусуна (32,4) жана Ош шаарына (25,4) туура келет.

Гепатит – боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын А, В, С, Е жана D түрлөрү бар. А түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Калган эки формасы кан аркылуу жугат. (ErN)

Дагы караңыз

Президент Жапаров Кумтөрдү алууга Аскар Акаев жардам бергенин айттыПрезидент Жапаров Бакиев келсе, камакка алынышы керектигин билдирди Мелис Аспеков абактан ырайым менен бошотулганы кабарланды