Академиянын профессору “улуттук крокодил” деген сөзүнө түшүндүрмө берди

Айнур Жоробекова.

Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекова Орусиядагы конференцияда тил жөнүндө сүйлөп жатып, “улуттук крокодил” деп айткан сөзүнө түшүндүрмө берди. “Валдай” клубу уюштурган III Борбор Азия конференциясы 16-17-майда Томск шаарында өттү.

Жоробекованын Фейсбуктагы жарыяланган видеосунда конференцияда "Кыргызстанда кыргыз тилин кыскартуу менен орус тилин сактоо туура эмес" деген пикирди айтканын билдирди.

“Улуттук крокодил" деген бул бир улуттун кишилери эмес, тил жөнүндө эмес. Бул түшүнүк эксперттердин чөйрөсүндө коомчулукту козгогондорго колдонулат. Ал жерде Борбор Азиядагы орус тилдүү диаспоралардын абалы жөнүндө суроо болгон. Улуттук маселени көтөрүп, улут, дин арасына бүлүк салып, чагым кылып, ушул суроону козгогондорду "улуттук крокодил" деп атайт”, - деди Жоробекова.

Социалдык тармактарда Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекова Орусиядагы конференцияда сүйлөгөн видеосу тарап, кызуу талкууга түштү.

Видеодо Жоробекова “улуттук крокодилдердин нааразычылыгына карабай Кыргызстанда орус тили бардык тармакта жетиштүү колдонулат” деп айтканы тартылган.

Соңку мезгилде интернеттеги социалдык түйүндөрдө, коомчулукта өлкөдөгү орус тилинин макамы, кыргыз тилин өнүктүрүү тууралуу талкуу жүрүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова орус тилин кыргыз тилине атаандаш кылып Конституцияга жазып алган башка мамлекеттерде жок экенин айтса, төрага Нурланбек Шакиевдин Бишкектеги төрт райондун атын кыргызчалоо пикири бир топ талкуу жараткан.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев латын арибине өтүүгө даярдык бар экенин билдирген, бирок президент Жапаров аны "аңдабай айтылган сөздөрдөн алыс болууга" чакырган. (TSh)

Дагы караңыз

Казакстанда журналист 25 суткага камалдыТүркиядагы президенттик шайлоодо Эрдоган жеңдиУкраинага бериле турган F-16: Учактын кандай өзгөчөлүгү бар?Ленин округу: солгун шайлоо, Ниязалиеванын жеңиши, Искаковдун дооматы Президент Жапаров Эрдоганды куттуктады