Шайлоо: абактагы үч талапкер алган добуштар саналды

Бишкектеги добушканалардын бири. 28-май, 2023-жыл

Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан парламент депутаттыгына абакта отурган жеринен талапкерлигин койгон Равшан Жээнбеков 328 (2,30%), Акыл Айтпаев 829 (5,82%), Илгиз Сарылдык уулу 38 (0,27%) добуш алды.

Бул тууралуу БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялаган учурда билдирди.

Шайлоодо 29 талапкер ат салышты. Алардын үчөө - Жээнбеков, Сарылдык уулу жана Айтпаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында кармалып турат.

Бул иш боюнча кармалгандарга алгач “массалык башаламандык уюштуруу” деген берене коюлган. Жакында эле Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесине (“Бийликти күч менен басып алуу”) кошулганы белгилүү болгон.