Эрдоган шайлоо ыкчам өтөрүн айтты, Кылычдароглу үкөктөрдү көзөмөлдөөгө чакырды

Кемал Кылычдароглу жана Селви Кылычдароглу. Анкара шаары. 28-май, 2023-жыл.

Түркияда өтүп жаткан президенттик шайлоодо ат салышкан эки талапкер Режеп Тайып Эрдоган жана Кемал Кылычдароглу бир убакта, эки башка шаарда добуш беришти.

Эрдоган Стамбулда, ал эми Кылычдароглу Анкарада шайлоого барды.

Эрдоган шайлоо тилкесинен чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

"Бул жерде эч кандай партиялар жок. 1 метрлик бюллетень жок. Эки гана талапкер бар. Элибиз ушул эки талапкерге гана добуш бергендиктен, жараян ыкчам өтөт деп ойлойм. Түрк демократиясынын тарыхында мындай шайлоого биринчи жолу күбө болдук. Дүйнө тарыхында шайлоочулардын 90% чейин катышкан шайлоо болгон эмес. Өлкөдө жакшылык болсун", - деди Эрдоган.

Оппозициячыл лидер Кылычдароглу да Анкарада журналисттерге жолугуп, тарапташтарын добушканаларды көзөмөлдөөгө чакырды:

"Бул өлкөгө чыныгы эркиндик жана демократия келиши үчүн, зулумдан, авторитардык башкаруудан кутулуу үчүн бардык жарандарды шайлоого барууга чакырам. Жарандар бүгүн добуш беришсин, андан кийин үкөктөрдү көзөмөлдөсүн. Анткени бул шайлоо өтө оор шартта өтүп жатат. Ар кандай каралоолор болуп, жалаа жабылды. Мен элдин акылына ишенем. Демократия бул өлкөгө сөзсүз келет. Жарандар бул өлкөнүн көчөлөрүндө тынч жүрө алышат. Добуш берген бардык жарандарга ыраазычылык билдирем", - деди Кылычдароглу.

Жекшембиде өлкө боюнча 190 миңден ашык добушканада дээрлик 61 миллион шайлоочу добуш берет.

Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 14-майда өткөн. Анда Режеп Тайып Эрдоган шайлоочулардын 49,52%, Кемал Кылычдароглу добуштардын 44,88% топтогон. (ElB)

Дагы караңыз

Украина: Киевге чабуул беш сааттан ашык убакытка созулдуЛенин округу: саат 14.00гө карата шайлоочулардын 6,82% добуш берди Түркия: БШК шайлоо кынтыксыз өтүп жатканын билдирди