Ленин округу: саат 14.00гө карата шайлоочулардын 6,82% добуш берди

Бул округда шайлоочулар тизмесинде 125 миңге жакын адам бар.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округунда саат 14.00гө карата 8524 адам добуш бергенин билдирди. Бул тизмедеги жалпы шайлоочулардын 6,82% түзөт.

БШКнын билдиришинче, жалпысынан 51 добушкана ачылды. Аймакта шайлоочулар тизмесинде 125 миңге жакын адам бар. Добушканадан сырткары 83 адам добуш берди.

29 талапкер ат салышып жатат.

Алардын үчөө, тактап айтканда Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев тергөө абагында кармалып турат.

Талапкерлердин арасында Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев, Руслан Бекназаров өңдүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер бар.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн. Анда Ленин округунан 14 адам талапкер болууга арыз тапшырган. Натыйжада эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

Дагы караңыз

Түркия: БШК шайлоо кынтыксыз өтүп жатканын билдирдиДнепр: Орусиянын чабуулунан каза болгондордун саны төрт кишиге жетти Орусия Киевге дрон менен жапырт чабуул жасады, бир адам мерт болду Канн фестивалында “Алтын пальма бутагын” Жюстин Трие алды