Францияда Канн кинофестивалынын баш байгеси – "Алтын пальма бутагын" франциялык режиссер Жюстин Трие “Жыгылуунун траекториясы” тасмасы үчүн алды. Ал фестивалдын жабылышында сүйлөп жатып, француз президенти Эммануэл Макронду пенсиялык реформасы үчүн сынга алды.
Ушуну менен 76-жолу өткөрүлгөн кинофестивалда “Кынтыксыз күндөр” тасмасында ойногон жапониялык актер Кодзи Якусё “эркектин эң мыкты ролу” сыйлыгын алды. “Аялдын мыкты ролу” байгеси түркиялык Мерве Диздарга ыйгарылды. Гран-при британ режиссеру Жонатан Глейзерге берилди.
Бул ирет калыстар тобун швед режиссеру Рубен Эстлунд жетектеди. Фестивалда Орусияда тартылган тасмалар көрсөтүлгөн жок. Украинадагы согуш, андагы качкындар тууралуу поляк режиссеру Мачек Хамеланын даректүү тасмасы сунушталды.
Дагы караңыз
Бишкекте бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда добуш берүү башталдыОрусия Киевге дрон менен жапырт чабуул жасады, бир адам мерт болду Куранды өрттөөгө шектүү Грозныйдагы тергөө абагына жеткирилди Украина Германиядан Taurus канаттуу ракеталарын берүүнү сурады Орусия Украина менен согушту токтотуунун башкы шарттарын атады Орунбеков мектептерде акча чогултууну уланткандар жазаланарын айтты