Украинада Киев шаарынын мэри Виталий Кличко 28-майга караган түнү орус аскерлери соңку кездери болуп көрбөгөндөй дрондон чабуул жасаганын кабарлады. Анын ырасташынча, Печерск районунда тогуз кабат үйдүн чатырында өрт чыкты. Соломенскиде жети кабат имараттын үчүнчү кабаты жабыркады, ошондой эле, ишканалардын биринде тутанган өрттү өчүрүү уланып жатат. Голосеевск районунда үч кабаттуу кампанын чатыры өрттөндү.
Шаардын аскердик администрациясынын кабарлашынча, чабуулда бир адам мерт болду. Кличко жалпысынан 20 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Ушул маалда Украинанын Киев шаарында жардыруулар токтой элек, абадан коргоо системасы иштеп жатканы кабарланды. Өлкөнүн башка аймактарында дагы абадан эскертүү берилди.
Орусия бул тууралуу маалымат бере элек. Согуш маалында тараптардын маалыматтарынын чын-төгүнүн ырастоо мүмкүн эмес.
Дагы караңыз
Бишкекте бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда добуш берүү башталдыКуранды өрттөөгө шектүү Грозныйдагы тергөө абагына жеткирилди Орунбеков мектептерде акча чогултууну уланткандар жазаланарын айтты