Жалал-Абад облусунда журналисттер көзү өтүп кеткен кесиптештерин эскерүү иш-чарасын өткөрүп жатышат.
Анда жергиликтүү белгилүү журналисттер Алымбек Азимканов, Аким Акжолов, Орозалы Карасартов, Ырысбек Зулумбеков жана Садыралы Абдукеримов баштаган маркум журналисттердин сүрөттөрү менен өмүр баяны камтылган баннерлер илинди.
Эскерүүгө президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары, Жалал-Абад шаарынын мэри жана медиа чөйрөсүндө жүргөндөр катышты. Иш-чара спорттук мелдеш менен уланып, футбол, волейбол жана стол тенниси болот.
Кыргызстанда көзү өтүп кеткен журналисттерди эскерүү иш-чаралары маал-маалы менен өтүп келет. (TB)
Дагы караңыз
Орусия Украина менен согушту токтотуунун башкы шарттарын атады Орунбеков мектептерде акча чогултууну уланткандар жазаланарын айттыУкраин чалгын кызматы Запорожье АЭСиндеги чагым тууралуу эскертти