Орусия: кыргыз элчилиги рейд күчөгөнү тууралуу кабарга түшүндүрмө берди

Орусияда былтыр сентябрдан тартып миграциялык эрежелер катаалдаган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөдө мигранттарды текшерүү үчүн рейд күчөгөнү тууралуу социалдык тармактардагы билдирүүлөргө түшүндүрмө берди. Анда мыйзамсыз миграция каршы мындай иш-чаралар такай өткөрүлүп турарын, кыргызстандык жарандар эреже-талаптарды так сакташы керектигин эскертти.

“Элчилик Орусиянын тиешелүү органдары такай текшерүү жүргүзүп, чет өлкөлүк жарандардын мыйзамдуу жүрүүсүнө мониторинг кыларын эскертет. Буга байланыштуу терс кесепеттердин алдын алуу үчүн кыргызстандык жарандар Орусиянын мыйзамдарын так сакташы керектигин белгилейт. Тактап айтканда, Кыргызстандын жарандарына бул өлкөгө мыйзамдуу келишине, иштешине зарыл болгон бардык жол-жободон убагында өтүүнү сунуштайт. Ошондой эле, тек-жайын тактаган, бул өлкөдө мыйзамдуу жүргөнүн далилдеген документтерди жанына такай алып жүрүүгө тийиш”, - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Орусияда мигранттарга каршы рейд күчөгөнү тууралуу маалыматтар чыккан.

Орусияда былтыр сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин, жашаган жери боюнча миграциялык каттоону, медициналык кароодон, дактилоскопиялык текшерүүдөн өтүүнү талап кылган эрежелер күчүнө кирген.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чамалайт.

Дагы караңыз

Президент Жапаров мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлык чыгардыРавшан Жээнбековдун аялы Салкынай Алимбаева эки айга камалды“Кумтөр Голд” ишканасы жыл башынан бери 2,5 тонна алтын өндүрдүРузахунов Астананын райондук сотунун үстүнөн даттана турганын билдирди