Жумага караган түнү Орусия Украинага ракета жана учкучсуз учактар менен кайрадан жапырт сокку урду.
"РБК Украина" басылмасы расмий маалыматка таянып, армиянын маанилүү инфраструктуралык объектилери бутага алынганын жазды.
Украин армиясынын маалыматына караганда, орусиялык күчтөр жалпысынан ар кандай үлгүдөгү 17 ракета жана 31 дрон колдонду. Каспий деңизинин аймагынан учурулган 10 канаттуу ракета жана 25 учкучсуз учак атып түшүрүлгөн. Ошол эле учурда бир канчасы Харьков жана Днепропетровск облустарындагы объектилерге, бир канча турак жайга тийген.
Киевге ракеталардын сыныктары түштү. Соода оюн-зоок борборунун жана жеке турак үйдүн чатыры зыян тартты.
Орусиянын Коргоо министрлиги буга комментарий берген жок. Москва Украинадагы жарандык объектилерге сокку урулганын дайыма четке кагып келет.
Дагы караңыз
Гүлнаранын миллиондору: премьер Ариповдун карааныТашиев коррупцияга каршы күрөштөн 11 млрд. сом түшкөнүн билдирдиАКШ санкция салган Токмоктогу компаниянын таржымалы