Казакстанда оппозиционер Марат Жыланбаев эки айга камалды

Марат Жыланбаев

25-майда Астана соту белгилүү казакстандык супермарафончу жана оппозициячы Марат Жыланбаевди эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ал "Тыюу салынган уюм менен кызматташкан" жана "Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн каржылаган" деп шектелүүдө.

Тергөө органынын токтомуна ылайык, Марат Жыланбаев өлкөдө тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылынын түзүүчүлөрү менен мүчөлөрүнүн социалдык түйүндөрдөгү чатында бар экени аныкталган.

"Жыланбаев аталган кыймылды негиздеген бозгундагы Мухтар Аблязов жана анын "чет өлкөлөрдөгү штабдары" менен байланышта. Алардан "конституциялык түзүлүштү бузууга багытталган" тапшырмаларды алып турат. Ал Аблязовго байланышы бар уруксатсыз митингдерге катышып, анын соцтүйүндөгү билдирүүлөрүн бөлүшүп келген", – деп жазылган токтомдо.

Жыланбаев тагылган айыптарды четке кагууда.

Дагы караңыз

Депутат Осмонов "негативди токтотпогон" ЖМКлар жабылышы мүмкүндүгүн айттыАКШ санкция салган Токмоктогу компаниянын таржымалы Гүлнаранын миллиондору: премьер Ариповдун карааны