Орусияда Украинадагы согушка катышуудан баш тарткан аскер үч жылга кесилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Екатеринбургдагы Борбордук аймактык аскердик соту Украинадагы согушка баруудан баш тарткан Марсель Кандаровду үч жылга жатак абакка кести. Жыл башында Кандаровду биринчи инстанциядагы сот беш жылга эркинен ажыраткан эле. Кийин ал доо арыз менен кайрылган.

Согуш башталган маалда Марсель Кандаров Башкырстанда келишим менен армияда кызмат өтөчү. Анын аскердик бөлүгү Украинага жөнөтүлүп, ал жакта бир ай болушкан. Кийин реабилитацияга келгенде Кандаров адам өлтүрүүгө дити барбай турганын айтып, согуш талаасына кайтуудан баш тарткан.

Бир нече айдан кийин ал камакка алынган. 11-январда Уфа гарнизондук соту аны "атайын операция жүрүп жаткан маалда өз ыктыяры менен аскердик бөлүктү таштап кетти" деген кине менен айыптуу деп тапкан.

"ОВД-Инфо" укук коргоо борборунун маалыматына ылайык, Орусияда учурда Украинадагы согушка баруудан баш тартып же ачык каршылык билдиргени үчүн 550дөй кишиге кылмыш иши козголгон.

Дагы караңыз

Жарандык активист Илимдер академиясынын алдына пикетке чыктыKaktus.media басылмасына каршы арыз боюнча сот чечими чыкты Өкмөт мамлекеттик ишканаларга көзөмөл күчөтүлөрүн билдирди